23:01
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Аксыда селде калган беш үй-бүлө куткарылды

Аксыда селде калган 5 үй-бүлө куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Авлетим айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Тегирмен-Сай айылында жүргөн сел жол боюнда жайгашкан турак жайларды жана ички чарбалык унаа жолду каптаган.

Министрликтин билдирүүсүндө, ыкчам топ сел сууларынын курчоосунда калган 5 турак жайдын жашоочуларын коопсуз жайга алып чыгышты. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Учурда айылда селден тазалоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Аксы районундаыг дарыялардын-деңгээлинин көтөрүлүшүнөн жана жааган жамгырдан улам сел коркунучу жаралып, аймакка Өзгөчө кырдаал киргизилип, жарандык коргонуу штабы түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби