00:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстан Түндүк Кореянын бир жаранына качкын макамын берген

Кыргызстанда Түндүк Кореядан бир качкын бар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Исхак Масалиев анын кантип качкын макамын алып калганына кызыкты.

Алмаз Асанбаевдин айтымында, ал 20 жыл мурда Россия аркылуу келген.

«Түндүк Кореянын мыйзамдары боюнча өлкөдөн качып кеткен жарандар, кайра барса өлүм жазасына тартылат», — деди Алмаз Асанбаев.

Аткаминер эл аралык нормага ылайык, эгер өлкөдө согуш болбосо дагы, куугунтуктоо жана өмүрүнө коркунуч болсо, ага качкын макамы берилерин билдирди. Качкындарга каржылоого акчаны БУУ бөлүп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар