08:27
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

№ 2 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен адам кармалды

Аламединде Ленин райондук № 2 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен адамды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, тергөө учурунда качып кеткен адамды бүгүн Аламедин районундагы жаңы конуштардын биринен колго түшүрүшкөн.

"Качкын кармоо учурунда каршылык көрсөткөн, аны Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп бердик", - деп маалымдайт ИИМ.

Эске сала кетсек, 3-июнда Ленин районундагы № 2 шаардык милиция бөлүмүнөн уурулукка шектелген жаран тергөө учурунда качып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар