Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө жашоочулар актуалдуу суроолорун мамлекет башчысына түз бере алышты.
Жолугушуу учурунда жарандардын айрым категорияларын турак жай менен камсыз кылуу, социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жана ирригацияны жакшыртуу, айыл чарбасын колдоо, ошондой эле жер жана мүлктүк талаштарды кароо маселелери көтөрүлдү.
Тургундар медицина кызматкерлерине турак жай берүү, Чолпон айылында спорт комплексин куруу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоо жана жарандардын жер тилкелерине болгон укуктарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле пенсия менен камсыздоо, майыптыгы бар жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү, кызматкерлердин эмгек укуктары жана соттук териштирүүлөр боюнча кайрылуулар айтылды.
Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ар бир кайрылууну тыкыр изилдеп, мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Турак жай маселеси боюнча Президент медицина кызматкерлерине батир берилерин маалымдады жана мамлекет өлкө боюнча турак жай куруу программаларын ишке ашырууну уланта берерин баса белгиледи.
Инфраструктураны өнүктүрүүгө токтолгон Мамлекет башчысы Чолпон айылында спорт комплексин курууну колдоду, ошондой эле социалдык объектилерди мындан ары модернизациялоонун жана аймактарда калктын жашоо шарттарын жакшыртуунун маанилүү экенин айтты.
Жер талаштары, жарандардын мүлк укуктары, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгү жана айрым сот чечимдери менен байланышкан кайрылуулар боюнча Президент укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарына ар бир ишти объективдүү жана ар тараптуу кароону камсыз кылууну тапшырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлдө болоорун, ар бир кайрылуу боюнча белгиленген тартипте тийиштүү чечимдер кабыл алынарын баса белгиледи.

