19:06
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Түндүк — Түштүк альтернативдик автожолунда көчкү жүрдү: кыймыл убактылуу токтоду

Бүгүн, 23-июнда Түндүк — Түштүк альтернативдик автожолунда жер көчкү жүргөндүктөн, унаалардын кыймылы убактылуу чектөөгө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, бүгүн аталган унаа жолдун Сузак районунун аймагындагы 340-чакырымында көлөмү болжол менен 4 миң куб метрди түзгөн жер көчкү түшкөн.

Табигый кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок экени белгиленди. Учурда жолду тазалоо жана кыймылды калыбына келтирүү иштерине эки жүктөгүч, төрт грейдер жана бир манипулятор тартылды.

ӨКМ айдоочуларды аталган унаа жолу аркылуу жолго чыгаардан мурун 112 бирдиктүү номери аркылуу жолдогу кырдаал тууралуу маалыматты тактап алууну жана сапарга чыгуу зарылчылыгын алдын ала баалоону өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар