19:05
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстан жана Өзбекстан товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Анын жыйынтыгында тараптар 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү пландарын ырасташты жана кызматташуу боюнча макулдашуулардын жаңы пакетине кол коюшту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Отурумда Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин кызыкчылыктары үчүн эки мамлекеттин саясий кызматташтыгы өлкө лидерлеринин аркасында мындан ары дагы кеңейтилээри, аны менен катар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү «жол карталарында» бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиленди.

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин, бул багытта өз ара сооданын тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.

«2025-жылдын аягына чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га өстү. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү», — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Кыргызстан-Өзбекстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү, жетишилген макулдашууларга ылайык, анын уставдык капиталын көбөйтүү айтылды.

«Биз өнөр жай кооперациясына жана биргелешкен өнөр жай долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз. Биргелешкен индустриалдык парктарды жана логистикалык комплекстерди түзүүнү, ошондой эле мындай долбоорлорду мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгууну колдойбуз. Биз 2030-жылга чейин агроөнөр жайлык кооперациялык программаны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү колдойбуз», — деди минкаб төрагасы.

Ошондой эле транспорт тармагындагы кызматташтык экономикалык интеграциянын негизги фактору бойдон кала берээри, 21-кылымдын заманбап «Жибек Жолуна» айлана турган «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Энергетика тармагындагы стратегиялык мааниге ээ, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тыгыз координациялоо улантылууда.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүнкү сүйлөшүүлөр Өзбекстан менен Кыргызстандын бир тууган элдеринин жыргалчылыгына багытталган конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жана өзбек тарап дайым даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар