Жогорку Кеңештин комитети Алмаз Калыбаевдин КР Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештинин Сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев белгилегендей, Алмаз Калыбаев 1976-жылы туулган, тажрыйбалуу юрист.
Ал 2025-жылдын мартынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келет.
Депутаттар анын чоң иш тажрыйбасын белгилеп, талапкерлигин колдоп беришти.

