18:24
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда, унаа кыймылы калыбына келди

Баткен облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бир катар тилкелердеги убактылуу чектөөлөргө карабастан, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы бардык жолдордо унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.

Эң татаал кырдаал Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда катталды.

Лейлек районунда жолчулар Катран — Өзгөрүш жолундагы селдин кесепеттерин тазалап жатышат, учурда унаалардын өтүүсү камсыздалган.

Баткен районунда сел агымдарынан улам Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун айрым тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелген. Баткен шаарындагы мал базардын аймагында, жаңы жолдун 232,5-чакырымындагы көпүрөдөн суу ашып, мындан улам кыймылды убактылуу токтотууга туура келген. Суунун деңгээли түшкөндөн кийин жол кайра ачылды.

Ошондой эле Айгүл-Таш — Согмент — Таян жана Кара-Бак — Чет-Кызыл жолдорунда калыбына келтирүү иштери уланууда. Акыркы аталган жолдо селдин кесепеттеринен улам асфальт төшөө иштери убактылуу токтотулду.

Кадамжай районунун Кадамжай — Чечме тилкесинде селдин айынан жол жабылган, бирок кечке жуук эки тараптуу кыймыл кайрадан ачылды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда облус боюнча унаа каттамдары толук камсыздалды, ал эми жол кызматтары кырдаалга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп, калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар