10:45
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бүгүндөн тарта Бишкектин түштүк кичи райондорунда 4 күн жаратылыш газы болбойт

Бишкек шаарынын түштүк тарабында төрт күн жаратылыш газы берилбейт.

«Бишкекгаз» кызматы билдиргендей, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 23-июндан 26-июнга чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:

  • Жукеев-Пудовкин көчөсү;
  • Токомбаев көчөсү;
  • Сухэ-Батор көчөсү;
  • Юнусалиев көчөсү;
  • Безымянная көчөсү.

«Бишкекгаз» кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар