Күрөш боюнча Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси жана Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова эс алуу учурунда бир мырза менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, катталуучуларын кызыктырып койду.
Сүрөт спортчунун социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланып, тез эле күйөрмандардын көңүлүн бурду. Бирок титулдуу кыргызстандык спортчу сүйүктүүсүнүн атын ачыктаган жок. Жарыяланган кадрларда түгөйлөр чогуу эс алып жүргөнүн көрүүгө болот. Ал эми мырзанын ким экени белгисиз бойдон калууда.
Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын эң титулдуу спортчуларынын бири болуп саналат. Ал эки Олимпиада медалын багындырган алгачкы кыргызстандык кыз болуп калды. Ал эми 2026-жылы карьерасында экинчи жолу күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалын уткан.

