12:15
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Шамалды-Сайды таза суу менен камсыздоо маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алып, шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерин талкуулады.

Ачык форматында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу тутумун өнүктүрүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу маселелери каралды. Өзгөчө көңүл Шамалды-Сай шаарын сапаттуу таза суу менен камсыз кылуу көйгөйүнө бурулду. Шаардык кеңештин депутаттары бул маселе боюнча өз кайрылууларын жана сунуштарын билдиришти.

Министр Эрлист Акунбеков калкты таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ал «Таза Суу» департаментине маселени өзгөчө көзөмөлгө алууну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте долбоордук-сметалык документтерди даярдоону тездетүүнү, ошондой эле каржылоо булактарын аныктоону тапшырды.

Мындан сырткары, жолугушууда көпүрө куруу, социалдык объекттерди пайдаланууга берүү, жолдорду оңдоо жана шаардын инженердик-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар