12:15
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов куржунун коло медаль менен толуктады

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык TYR Pro Series мелдешинде ушуну менен үчүнчү медалын багындырды.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык TYR Pro Series мелдешинде коло медаль утту

Индианаполис шаарында брасс ыкмасы менен 50 метрлик аралыкка сүзүү боюнча мелдеш өттү. Ага жалпысынан 50 спортчу катышты. Алдын ала жарышта Денис Петрашов 27,58 секунддук жыйынтык менен 5-орунду ээлеп, финалга жолдомо алган.

Ал эми финалдык жарышта ал аралыкты 27,05 секундда сүзүп өтүп, үчүнчү орунду ээледи жана коло медалга ээ болду.

Буга чейин Денис Петрашов ушул эле мелдеште брасс ыкмасы менен 200 жана 100 метрлик аралыктарда тиешелүү түрдө алтын жана күмүш медалдарды багындырган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар