Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору наамы тапшырылды.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев бул жогорку окуу жайы менен анын өмүрүндө жана кесиптик калыптануусунда маанилүү баракчалар байланышканын айтты.
Белгилей кетсек, минкаб жетекчиси Россияга болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында лекция окуду.

