Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай аныкталган.
Бул факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык үч протокол түзүлдү. Айыл өкмөтүнө жалпы суммасы 68 миң сомду түзгөн айып пул салынды. Муну менен катар, экологиялык мыйзамдардын аныкталган бузууларын четтетүү боюнча эскертме берилди.

