Уулуу кошулмалардын жана метанолдун жогорку деңгээлде болушунан улам самогон ичүү көрүү жөндөмүн толугу менен жоготууга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу РИАМО агенттигине психиатр-нарколог Василий Шуров билдирди.
Ичимдикти үй шартында кустардык ыкма менен өндүрүүдө сивуш майларынын бөлүнүп чыгышы шексиз, өзгөчө анын эң уулуу жана кир бөлүгүндө бул заттар көп болот. Адистин белгилешинче, өндүрүш шарттарын жана сакталып жаткан фракцияларды көзөмөлдөө мүмкүн болбогондуктан, үйдө дистилляциялоо (кайнатып чыгаруу) дайыма кооптуу лотерея бойдон кала берет.
Даярдоо технологиясынын бузулушу метанолдун топтолушуна алып келет, ал эми анын ашыкча болушу көрүү нервдерин талкалап, кайра калыбына келгис сокурлукту пайда кылат, деп түшүндүрдү Шуров.

