13:13
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.19

Кыш кайтып келдиби? Нарында бийик тоолуу жайыттарда кар жаады

Нарын облусунун Ат-Башы районунда кар жаады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, жайыттардын айрым тилкелеринде кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти.

Июнь айынын башы үчүн адаттан тыш болгон аба ырайы кубулушу райондун бийик тоолуу жайлоолорунда катталды. Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жергиликтүү бийлик малды тоют менен камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө турат. Малчыларга колдоо көрсөтүү жана айыл чарба малдарынын чыгымга учурашына жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

ӨКМ тургундарды жана фермерлерди аба ырайынын шарттарын эске алууга жана бийик тоолуу аймактарда коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар