Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Open Ulaanbaatar» рейтингдик мелдешинин алгачкы күнүндө Кыргызстандын курама командасы 5 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Спортчулар 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышты.
Күмүш медаль:
• Азат Салидинов (87 кг чейин)
Коло медалдар:
• Жантөрө Мирзалиев (72 кг чейин)
• Аманат Самат уулу (72 кг чейин)
• Бекзат Орункул уулу (77 кг чейин)
• Имур Темирбеков (82 кг чейин)

