Кыргызстанда жыл сайын 1 миңден ашык баңги кылмышы аныкталат. Бул тууралуу «Биринчи радио» түз эфиринде КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтын (БМЖККК) алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Каныбек Усенов билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 4 айында 359 баңги кылмышы аныкталган.
«Интернет-технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу баңги кылмыштарынын көбү сатууга (жөнөтүү, ташуу) тиешелүү . Мунун кыйынчылыгы бардык нерсе түз байланышсыз ишке ашканында болуп жатат. Мурун биз баңгизат тараткан адамдын жүзүн, жашаган жерин, кимдер менен байланышта экенин билчүбүз. Ал эми азыркы учурда технологиялар каалаган адамга Telegram-каналдар аркылуу баңги каражаттарын алып, аларды жашыруун жоготуу жолу менен таратууга шарт түзүүдө. Сатып алуучу дагы жеткирүүчүнү тааныбайт — ага тек гана баңгизатты кайдан алса болору тууралуу координаттарды беришет», — деди Каныбек Усенов.
Ал кошумчалагандай, 2021-жылы Синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы түзүлгөн. Жаңы интернет-дүкөндөр көзөмөлгө алынып, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө.
2024-жылы калкты баңгизаттын зыяндуулугу жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маалымдоо максатында алдын алуу бөлүмү түзүлгөн.
«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Баңги каражаттарын жеткирүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аларды даярдоого, сактоого же сатууга тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Уюшкан кылмыштуу топторду, трансулуттук топторду аныктоого, эл аралык каттамдардын жана жеткирүү каналдарынын жолун кесүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Мектеп окуучулары арасында да үзгүлтүксүз алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүп турат», — деп белгиледи Каныбек Усенов.
Ал Кыргызстанда баңги кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан башталарын баса белгиледи.

