17:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жогорку окуу жайларында 608 гранттык орун азырынча бош

Учурда өлкөнүн жогорку окуу жайларында гранттык негизде 608, келишимдик негизде 66 миң 321 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын биринчи туру 18-июлда башталса, экинчи тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми үчүнчү тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады.

ҮчүнчүI турда пландалган 1 миң 59 бюджеттик орунга 2 миң 108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69 миң 120 орунга 4 миң 809 абитуриент тапшырды.

ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3 миң 827 абитурентти кабыл алууга сунуштады. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында тармагы/адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3 миң 827 абитурент тастыктады.

Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3 пайызы жана келишимдик орундардын 20,14 пайызы пайдаланылды.

Эң көп окулган жаңылыктар