13:42
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жаңы окуу жылы кадимки тартипте башталды

Бүгүн 15-сентябрда Кыргызстандын 1,5 жылдан бери дээрлик жабык турган мамлекеттик билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөсүн улантат. Мектептерде жана окуу жайларында сабактар башталат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү жайлары 2020-жылдын жазында жабылган. Кийин окуу процесси жарым-жартылай онлайн түрүндө улантылган. Менчик бала бакчалардын жана мектептердин иши олуттуу чектөөгө дуушар болгон эмес.

Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 200дөй мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Бишкек шаарында 89 муниципалдык мектеп бар. Алар 75 миң окуучуга эсептелген, бирок 170 миң бала окуйт. Бул сан нормадан 2-3 эсе көп. Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар толук режимде иштөөсүн 20-сентябрдан тартып улантат.

Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда баштоо тууралуу чечимин өкмөт кадимки окуу тартибине эпидемиологиялык абалга жараша бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында барып жатканы менен түшүндүргөн жана мунун мугалимдердин айлыгына, окуу процессине терс таасири болбой турганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар