20:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты

Эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жазуучулар бирикмесинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, акын көптөн бери ооруп жүргөн. Акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан.

Анын сөөгү качан жана кайсы жакка коюлары азырынча чечиле элек.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына жаңычыл акын катары кирип, поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Ал чет элдик акындар Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которгон.

Рамис Рыскулов Кыргыз эл акыны, «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума