14:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери коррупция шеги менен кармалды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Маанаевдин аракетинен коррупциялык элементтер аныкталган.

УКМК Улуттук госпиталдын кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашуун факты катталганын белгилейт.

«Анын ишмердигинде мыйзамсыз кирише табуунун дагы бир жолу — мамлекеттик сатып алуулар болгон. Финансылык-чарбалык аудит жүргүзүлүп, айрым медициналык буюмдар жогорку баада сатылып алынганы жана кымбат дары-дармектер эсептен чыгарыланы аныкталган», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМКнын маалыматына караганда, 2022-жылы октябрдагы тендердин жыйынтыгында иммуномодулятордук медициналык препараттарды жеткирүүгө укук алган компания Улуттук госпиталь үчүн дары-дармектерди жогорку баада сатып берген. Натыйжада бюджетке 36 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталь — өлкөдөгү көп тармактуу дарылоо мекемеси, анда миңден ашык бейтап үчүн орун бар. Токтобай Маанаев госпиталдын башкы дарыгерлигине 2020-жылы августта дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар