15:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте 6 жерге жол чырак орнотулат

Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык унаа башкармалыгы баш калаага жол чырактарды орнотууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Маалыматка ылайык, тендердин суммасы 3 миллион 74 миң 868 сом.

Тендер былтыркы жылдын 30-декабрында жарыяланды. Сынактык иштер 16-январга чейин кабыл алынат.


Маалыматка таянсак, жол чырактар төмөнкү даректерге орнотулат:

— Махатма Ганди көчөсү, «ИСИТОнун» каршысына

— Ауэзов менен Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишине

— Орозбеков менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишине

— Садыгалиев менен Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишине

— 7-апрел көчөсү, Улан-2 кичи району

— № 4 кичи району, № 17 окуу-тарбиялык комплексинин жанында.

Эң көп окулган жаңылыктар