12:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштей баштады

Бишкекте Баялинов менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган көчөлөрдүн кесилишине жол чырак орнотуу боюнча тендерди Вокко компаниясы утуп алган. 20-декабрдан тарта компания ишке кирген.

Жол чыракты орнотуу үчүн шаардык казынадан 500 миң сом коротулду.

Эске салсак, 24.kg агенттигинин окурмандары аталган кесилиште жол чырактын жоктугунан кырсык көп болот деп билдирүү калтырышкан. Алар мэриядан жол чырак орнотуп берүүнү суранып келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар