19:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте 2 миң 591 жарык чыгаруучу чырактар орнотулду

Бишкекте шаардын көчөлөрү менен кичи райондорду жарыктандыруу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 2 миң 591 жарык чыгаруучу чырактар төмөндө аттары жазылган көчөлөргө жана кичи райондорго орнотулду:

Дубосековская, Адыр, Набережная, Дзержинский, Сарычелек, Койбагаров, Бакаев, Некрасов, Т.Фрунзе, Псковская/Поваринская, Ак-Өргө жаңы конушунун көчөсү, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанская, Славянская, Куликовская, Будённый, Салиева жана Айтиев, Рабочая, Осмонкул, Лев Толстой, Тыналиев, Школьная, Щербаков, Бельская, Ракетная, Андижанская, Усенбаев, Наманганская, Фрунзе, 7-кичи район, Көк-Жар кичи району, Сухэ Батор, Турусбеков, Васильев, Рыскулов, Ленская, Фатьянов, Д.Садырбаев.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, учурда № 10, 11, 12, Аламүдүн-1 кичи райондорунда жана Тыныстанов, Малдыбаев, Панфилов, Жамгерчинов, Бейшеналиева көчөлөрүндө 685 жарык чыгаруучу чырактарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар