20:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектиктер оңдолгон көчөлөргө жол чырактарды орнотууну суранышат

Бишкектиктер оңдолгон көчөлөргө жол чырактарды орнотууну суранышат. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн дем алышта Токтогул менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Дагы бир кырсык Токтогул менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алды.

«Кесилиш жерден өтүү кыйын. Жолдорду оңдошту, көпчүлүк айдоочулар жол белгилерине баш ийбей, кырсыктын жаралышына себепкер болушууда», -деп жазылат маалыматта. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума