Браконьерлер Токтогул суу сактагычына тор салууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экотехинспекция кызматынын инспекторлору рейд жүргүзүп, анын жүрүшүндө тартип бузуучуларды кармашкан. Браконьерлер балык уулоочу торлорду салып жаткан жеринен кармалышты.
Жети адамга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 267-беренеси (Балык уулоодо синтетикалык торлорду, электрлештирилген тутумдарды колдонуу) боюнча протоколдор түзүлдү. Алардын ар бирине 5 миң 500 сомдон айып пул салынды.
Ошондой эле балыктарды мыйзамсыз уулоо фактысы да аныкталган.
Токтогул суу сактагычынан дээрлик 700 метр тор чыгарылды.

