12:53
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Бишкекте рейд: Үч саатта туура эмес токтотулган 37 унаа эвакуацияланды

Фото Бишкек мэриясы

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларга каршы рейд уланууда. Анда үч сааттын ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 37 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.

  • Жашыл аймакка автоунааларын токтоткон транспорт каражаттарынын ээлерине жалпы суммасы 38 500 сомду түзгөн 7 протокол түзүлдү.
  • Таштанды аянтчалардын жанына автоунаа токтоткондугу үчүн жалпы суммасы 6 000 сомду түзгөн 2 протокол түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, айрыкча унааларды аялдамаларда, жол жээгинде жана жашыл аймактарда токтотпоону эскертет.

Белгилей кетсек, унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1000 сом айып пул каралган. Жеринде протокол түзүү 300 сомду түзөт, эвакуатор кызматтары — 1600 сом, ал эми жашыл аймакка токтоткондор үчүн 5500 сом айып пул каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар