11:39
USD 87.45
EUR 100.53
RUB 1.07

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти кызматтан кетти

Кыргыстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал, кечээ өткөн Улуттук Олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин жыйынында билдиргендигин өздүк булактар кабарлады.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Маалыматка ылайык, 29-апрелге белгиленген жалпы чогулушта уюмдун жаңы жетекчисин шайланат.Талапкерлердин аттары азырынча ачыктала элек. Алар 11-апрелге белгиленген жалпы чогулуштан кийин алдын ала жарыяланат.

Эске сала кетсек, Умбеталы Кыдыралиев 2024-жылдын аягында Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган. Ал өз кезегинде УОКту Шаршенбек Абдыкеримовдон өткөрүп алган Садыр Мамытовдун ордуна келген.

Умбеталы Кыдыралиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын президенти, мурда «Кыргызалтын» компаниясын жетектеген жана учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Эң көп окулган жаңылыктар