09:29
USD 87.45
EUR 100.53
RUB 1.07

Бүгүн Бишкектин 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында бүгүн, 31-мартта саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсү

Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки аралык убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта, жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, бир нече автобусттук каттамдардын кыймыл-чиймеси да убактылуу өзгөртүлөөрү айтылды.

Шаар жетекчилиги тургундарды жана айдоочуларды алдын — ала каттамдарды пландап, альтернативдүү жолдорду пайдаланууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар