11:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн реконструкциясы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Т. Байзаков атындагы проспектисин оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаган. Жолду реконструкциялоого 146 миллион сомдон ашуун каражат каралган.

Ал эми Б. Осмонов атындагы көчөсүндөгү курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында башталган. Бул үчүн 139 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары Мурзакул Болуш атындагы көчөнү оңдоо иштерине 35 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

МинКаб Төрагасы жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, көчөлөрдү энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу, ошондой эле активдүү жашоо образды жана спортту өнүктүрүү үчүн веложолдорду түзүүнү эске алуу менен курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров «Жалал-Абад» санаторийинин абалы менен таанышты.

Эң көп окулган жаңылыктар