Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 11-апрелге чейин World Boxing версиясы боюнча өтөт.
Кыргызстандык боксчулардын беттештеринин ырааттамасы:
30-март
70 кг 1/8 Элдар Турдубаев — Байрамдурды Нурмухамедов (Түркмөнстан).
31-март
55 кг 1/8 Нурсултан Асанакунов — Мейлис Шадурдыев (Түркмөнстан).
1-апрель
50 кг 1/8 Бекзат Эргешов — Вишванат Суреш (Индия).
60 кг 1/8 Амантур Джумаев — Сакда Руамтхам (Таиланд).
2-апрель
65 кг 1/8 Мирзохид Имамназаров — Руслан Гафуров (Тажикстан);
80 кг 1\8 Сагын Сатыбалды уулу — Фазлиддин Эркинбоев (Өзбекстан).
5-апрель
75 кг 1/4 Дамир Атай — Жавохир Умматалиев (Өзбекстан);
85 кг 1/4 Мухаммедазиз Закиров — Жасурбек Юлдошев (Өзбекстан);
90 кг 1/4 Тыныстан Алыбаев — Чудхари Харш (Индия).

