Бүгүн, 26-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Алыш эл аралык федерациясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган.
Ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Баяман Эркинбаевдин жакындары катышты.

