10:55
USD 87.45
EUR 101.46
RUB 1.08

Бишкек шаардык мэриясы жаңы МАБ имаратын куруу боюнча тендер жарыялады

Бишкек шаардык мэриясы жаңы муниципалдык аймактык башкаруу имаратын(МАБ) куруу боюнча тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Муниципалдык капиталдык курулуш башкармалыгы Профессор Зима көчөсүндө жайгаша турган МАБ имаратын курууну көздөп жатканы такталууда.

Пландалган баасы 9 миллион 972 миң 029 сомду түзөт.

Арыздар 2026-жылдын 8-апрелине чейин кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар