Бүгүн, 23-мартта Бишкекте жаңы «Манас» маданий борборунун курулушуна мезгил кутучасы салынды.
Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышып, жаңы заманбап «Манас» комплексинин курулушуна расмий түрдө старт берди.
Имараттын жалпы аянты 6681 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында курулуш үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
«Манас» комплекси улуттук маданиятты өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган уникалдуу маданий борбор болуп саналмакчы.
Белгилей кетсек, курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. «Манас» борбору толугу менен өзүн-өзү каржылаган, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жапкан маданий комплекс болот.

