УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыккан сегиз команданын баары аныкталды. «Барселона» 1/8 финалдын экинчи беттешинде «Ньюкасл» командасын 7:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. Биринчи беттеште 1:0 эсебинде жеңилген «Ливерпуль» «Галатасарай» командасын 4:0 эсебинде жеңди.
«Атлетико Мадрид» «Тоттенхэм Хотспурду» жалпы эсеп менен 5:2, 2:3 эсебинде жеңди. «Бавария» «Аталантаны» 6:1, 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Мурунку күндөгү беттештерден кийин «Реал Мадрид», «Спортинг», «Арсенал» жана «ПСЖ» Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына жолдомо алышты.
2025/26-жылдардагы Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын беттештери:
- «Спортинг» — «Арсенал».
- «Реал Мадрид» — «Бавария».
- «ПСЖ» — «Ливерпуль».
- «Барселона» — «Атлетико Мадрид».
Чейрек финалдын биринчи беттештери шейшемби, 7-апрелде өтөт.

