13:07
USD 87.45
EUR 100.07
RUB 1.09

Кыргызстанда төрт миңден ашык кылмышкер дайынсыз болууда

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө дагы эле 4 миң 192 кылмышкер изделүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2025-жылы кылмыш иштери боюнча 344 адам издөөгө алынган. Мурунку жылдардан дагы 3848 кылмышкер издөөдө турат.

Башкы прокуратура ошондой эле дайынсыз жоголгон балдардын санынын көбөйгөнүн белгиледи. 2024-жылы мындай 388 учур катталса, 2025-жылы алардын саны 588ге жеткен.

Жалпысынан дайынсыз жоголгон 349 адамдын тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Эң көп окулган жаңылыктар