15:49
USD 87.45
EUR 100.67
RUB 1.07

Оскар −2026: Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анжелесте өттү

98-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анжелесте өттү. Пол Томас Андерсондун «Согуштан кийинки салгылашуу» тасмасы «Эң мыкты тасма» наамын жеңип алды. Сыйлыктар 2025-жылы чыккан тасмаларга берилип, аземди комик Конан О’Брайен алып барды.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

«Оскар-2026» негизги жеңүүчүлөрү:

  • • Эң мыкты фильм: One Battle After Another — «Одна битва за другой»
  • • Эң мыкты режиссёр: Пол Томас Андерсон — «Одна битва за другой»
  • • Эң мыкты актёр: Майкл Б. Джордан — «Грешники» (Sinners)
  • • Эң мыкты актриса: Джесси Бакли — «Хамнет» (Hamnet)
  • • Эң мыкты экинчи пландагы актёр: Шон Пенн — «Одна битва за другой» (One Battle After Another)
  • • Эң мыкты экинчи пландагы актриса: Эми Мэдиган — «Оружие» (Weapons)

Башка маанилүү сыйлыктар:

  • • «Sinners» (Грешники) фильми рекорддук 16 номинация алган жана музыка менен оператордук иш сыяктуу бир нече сыйлыкка ээ болгон.
  • • Отем Дюральд Аркапоу бул категорияда «Оскар» алган алгачкы аял оператор болуп тарыхта калды.
Эң көп окулган жаңылыктар