13:06
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.12

Садыр Жапаров эл өкүлдөрүн бөлүп — жарууга жол бербөөгө чакырды

Садыр Жапаров эл өкүлдөрүн парламенттин парламентти бөлүп — жарууга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу президент бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги акыркы окуялардан баары кабардар, анда айрым парламент өкүлдөрү бөлүп — жарууга аракет кылышты.

«Бирок биз муну өз убагында токтото алдык. Келгиле, келечекте мындай иштерге аралашпайлы. Мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат», — деди Садыр Жапаров парламентте.

Ал мурда аймактык бөлүнүүлөргө каршы күрөшүүгө убада бергенин жана бул максатта бир катар чаралар көрүлгөнүн, бул өз жемишин бергенин эске салды.

Эң көп окулган жаңылыктар