Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун маалыматтарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамал саат 15:15тен кийинки саатка жана кечке чейин күчөйт деп болжолдонууда. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Аймактын тургундарынан жана конокторунан сак болууга чакырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаал болгон учурда 112 номерине чалууну эскертти.

