АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын 2026-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуусу боюнча өз позициясын билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
«Иран катышабы же жокпу, мага баары бир. Менимче, Иран оор жеңилүүгө учураган өлкө. Алар кыйроолордон жыйналышы керек», — деди Трамп Politico басылмасына берген маегинде.
Эске салсак, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция башташты, ал дагы Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга ракеталык соккулар менен жооп кайтарууда.
Буга чейин Ирандын футбол федерациясынын президенти Мехди Таж аскердик операцияга байланыштуу Дүйнөлүк чемпионатты бойкоттоо мүмкүнчүлүгүн жарыялаган.
Чүчүкулактан кийин Иран G тобуна кирген. Учурда Иран 15-июнда Лос-Анжелесте Жаңы Зеландия, 21-июнда Лос-Анжелесте Бельгия жана 26-июнда Сиэтлде Египет менен беттешүүсү күтүлөт.

