16:58
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.14

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматтан кетти

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматтан кетти. Бул маалыматты муниципалитет тастыктады.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Мэрия зарыл болгон жараяндар аткарылгандан кийин мэрдин милдетин аткаруучу дайындала турганын белгиледи.

  • 2021-жылдын 10-июнунда Улан Майлибашев шаардык кеңеш тарабынан Кант шаарынын мэри болуп шайланган.
  • 2024-жылдын 2-апрелинде ал административдик-аймактык реформанын алкагында президенттин жарлыгы менен бул кызматка кайрадан дайындалган.
Эң көп окулган жаңылыктар