USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Аймактык реформа. Кант жана Кара-Балта райондук маанидеги шаарларга айланат

14:17, 11 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев административдик-аймактык реформанын алкагында Кант жана Кара- Балта райондук маанидеги шаарларга айланаарын билдирди.

Анын айтымында административдик-аймактык реформа учурунда Чүй облусунда 105 айыл аймагы биригүүдөн улам 49га кыскарып, дагы 8и Бишкекке өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу«, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору. Кыргыз Республикасын административдик-аймактык түзүлүштүн алкагында" реформасын депутаттардын кароосуна коюшту.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18