15:28
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.14

ЖКда алимент төлөбөгөндөргө жазаны күчөтүү сунушталды

Кыргызстанда 1200 алимент төлөөчү өз милдеттенмелерин аткарбай, качып жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 60 миң аткаруу баракчасы келип түшкөн.

Депутат Ырысбек Атажанов алимент төлөбөгөндөргө карата чара көрүү зарылдыгын белгиледи. «Бул абдан чоң көрсөткүч. Мындайга жол бербөө үчүн ажырашуулардын механизмдерин иштеп чыгышыбыз керек. Өз баласын бакпаган ар бир эркек сыйга татыктуу эмес, биз жазаны катаалдаштырышыбыз зарыл», — деди эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар