12:44
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.14

Бүгүн Бишкектин 3 конушунда күн боюу суу болбойт

Бүгүн, 26-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Сууну токтотуу «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу топтомолорундагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар