15:48
USD 87.45
EUR 103.05
RUB 1.14

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Манас шаарында курулушу башталган мектептердин жана кошумча корпустардын тизмеси:

  • Ак-Тилек кичи районундагы Достук көчөсү, 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
  • Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
  • Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү, 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
  • Спутник кичи районунун Р. Азизов көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
  • № 5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү, 5) 275 орундуу кошумча корпус;
  • № 21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курула турган социалдык объекттердин долбоорлору менен таанышып, тиешелүү тараптар менен жыйын өткөрдү.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте, Ошто жана Манас шаарларында окуган окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир топ ашып түшөт.

Ошондуктан, үч шаарда республикалык бюджеттин каражаттарына этап-этабы менен жалпысынан 36 жаңы мектеп курулуп жатат. Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 10 жана Манас шаарында — 6 жаңы мектептин курулушу пландалган.

Эң көп окулган жаңылыктар