Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык адам вирустук гепатитке акысыз текшерүүдөн өтүштү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев парламенттин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдан 2026-жылдын февраль айынын башына чейин 2 миллион 506 миң 791 адам вирустук гепатит боюнча акысыз лабораториялык текшерүүдөн өткөн. Скринингдин жыйынтыгында 40 миң 942 В гепатити, 23 миң 039 С гепатити жана 1067 D гепатити аныкталган.
Бакытбек Кадыралиев терс жыйынтык көрсөткөн жарандар акысыз эмдөөгө жөнөтүлөрүн, ал эми оң натыйжа көрсөткөндөр үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарыланууга жөнөтүлөрүн белгиледи.
Электрондук саламаттыкты сактоо борбору менен биргеликте вирустук гепатит менен ооругандардын реестри ишке ашырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылга чейин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык алдын алуу чаралары менен камтылат.

