Бүгүн, 19-февралда Шабданбеков Жумгалбек Кумарович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жумгалбек Шабданбеков 55 жашта. Ал 1970-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Талас облустук салык кызматында инспектор, улук инспектор болуп баштап, 1994-жылдан тартып коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-жылдын октябрынан баштап УКМК төрагасынын орун басары жана 9-кызматтын башчысы болуп иштеген. 2022-жылы генерал-майор аскердик наамын алган.

