Бүгүн, 13-февраль күнү Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 13:00 тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-февраль күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Учурда каттам бар, жолдор ачык.
Тазалоо иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 36 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.

