13:16
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

ЕАЭБден жеңилдиктер: Кыргызстан эт, кант, мөмө жемиштерге бажы салыгын төлөбөйт

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн импорттолгон бир катар социалдык жана экономикалык жактан маанилүү товарларга импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктер каралган.

Ири мүйүздүү мал эти

Бул чаранын колдонуу мөөнөтү — 2026-жылдын 31-декабрына чейин, көлөмү — 5 миң тоннадан ашпайт. Жеңилдик жаңы же муздатылган ири мүйүздүү малдын этине (ЕАЭБ ТН ВЭД коддору: 0201...), ошондой эле тоңдурулган ири мүйүздүү малдын этине (ЕАЭБ ТН ВЭД коддору: 0202...) колдонулат.

Тарифтик жеңилдик ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттоочу уюмдар, товарлардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн тастыктоочу документ болгондо гана колдонулат.

Жеңилдик менен импорттолгон этти пайдаланууга гана эт азыктарын өндүрүү үчүн жана этти кайра иштетүүчү ишканаларга уруксат берилет. Жеңилдик берилген чийки затты колдонуу менен өндүрүлгөн даяр эт азыктарын ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин аймагына чыгарууга тыюу салынат.

Кант

Камыштан алынган чийки кантка (ЕАЭБ ТН ВЭД 1701 13 субпозициясы) карата көлөмү 20 миң тоннадан ашпаган жеңилдик каралган.

Жеңилдик Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, товарды пайдалануунун максатын тастыктаган жана импорттоочулар менен кайра иштетүүчү уюмдар тууралуу маалымат камтылган документ болгондо колдонулат.

Чийки кантты пайдаланууга Кыргызстан аймагында гана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн уруксат берилет. Жеңилдик берилген чийки заттан өндүрүлгөн ак кантты ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге экспорттоого болбойт.

Цитрус жемиштери

Төмөнкү товарларга импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу каралган:

  • банандар (0803901000) — 3 миң тонна;
  • мандариндер (0805210000) — 2,5 миң тонна;
  • дасторкон жүзүмү (0806101000) — 1,5 миң тонна;
  • апельсиндер (0805102000) — 1 миң тонна;
  • манго (0804500001) — 500 тонна;
  • киви (0810500000) — 500 тонна.

Какао азыктары

Чаранын колдонуу мөөнөтү — 2027-жылдын 30-апрелине чейин (жыл сайын). Какао майына (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 1804000000) карата көлөмү 300 тоннаны түзөт.

Кабыл алынган чаралар ички рынокту туруктуу камсыз кылуу, кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо, социалдык жактан маанилүү азык-түлүккө баанын өсүшүн ооздуктоо, Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максатын көздөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар
3-февраль, шейшемби